Редакцияот 12.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VIII- сессиясы

 

2025-жылдын 12-майы  №2

 

 Чаек айыл аймагы боюнча 2025-жылга 1 (бир) бодо малга 100 сом, 1 (бир) жандык малга 20 сом жайыт төлөмүн бекитип берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Чаек айыл аймагы боюнча 2025-жылга 1 (бир) бодо малга 100 сом, 1 (бир) жандык малга 20 сом жайыт төлөмүн бекитип берүү жөнүндө  угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

 

1. Чаек айыл аймагы боюнча 2025-жылга 1 (бир) бодо малга 100 сом, 1 (бир) жандык малга 20 сом жайыт төлөмү бекитилсин.

 

2. Бул   токтомдун  аткарылышын   көзөмөл кылуу  жагы Чаек    айыл  өкмөтүнүн  башчысы Т.Кучмуратовго  жүктөлсүн.

 

 

 

Төраганын орун басары

Б. Абаев