Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 11-июну № 58
Кальта айылын аталышын Ынтымак айылы деп өзгөртүү жөнүндө
Кальта айылын аталышын Ынтымак айылы деп өзгөртүү жөнүндөгү 2024-жылдын 21-апрелиндеги Кальта айылынын элдик жыйындын протоколун карап, таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кальта айылын аталышын Ынтымак айылы деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
3. Айылдын аталышын өгөртүү боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдоо жагы башкы адис Р. Тологоновго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |