Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 11-июну № 59
Красный-Маяк айылынын жаңы конушундагы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Красный-Маяк айылынын тургундардын көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндөгү 2024-жылдын 27-майындагы элдик жыйындын протоколун жана ага тиркелген баяндамаларын карап, таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Красный-Маяк айылынын жаңы конушундагы көчөгө Жеенбаев Сансынын аты ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, ысым ыйгарылган көчөнү каттоого алуу жагы.
3. Жеенбаев Сансынын урпактарына көчөнү абатоо боюнча иш-чараларга мүмкүнчүлүктөрүнө карап демөөрчүлүк көрсөтүү жагы сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |