Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 11-июну № 63
Жылалды айылынын А. Токтобаев көчөсүндөгү маданий борбордун аймагынан ичүүчү таза суу кудугу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жылалды айылынын А. Токтобаев көчөсүндөгү борбордун аймагынан ичүүчү таза суу кудугу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошовдун билдирүүсүн карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айылынын А. Токтобаев көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчиктеги идентификациялык 5-06-06-1001-0815 номери менен катталган маданий борбордун аймагынан ичүүчү таза суу кудугу үчүн 20 м2 жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, ичүүчү таза суу кудугу үчүн берилип жаткан 20 м2 жер тилкесине тийиштүү иш кагаздарды даядап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |