Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 11-июну № 64
Жылалды айылынын тургуну Орозева Буалыймахандын жеке менчигиндеги жердин аймагынан ичүүчү таза суу кудугу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жылалды айылынын тургуну Орозева Буалыймахандын (макулдугу менен) жеке менчигиндеги жердин аймагынан ичүүчү таза суу кудугу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айылынын тургуну Орозева Буалыймахандын (макулдугу менен) жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт сериясы Ч № 167824 , идентификациялык коду 5-06-06-1001-0492 номери менен 2008-жылдын 20-октябрында катталган, жер тилкесинин аймагынан 20 м2 жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, ичүүчү таза суу кудугу үчүн берилип жаткан 20 м2 жер тилкесине тийиштүү иш кагаздарды даядап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |