Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 11-июну № 65
Шоро-Башат айылынын жаңы конушундагы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Шоро-Башат айылынын тургундардын көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндөгү маселесин карап жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шоро-Башат айылынын жаңы конушундагы көчөгө Улуу ата мекендик согуштун ардегери Аширов Самидиндин аты ыйгарылсын.
2. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, ысым ыйгарылган көчөнү каттоого алуу жагы.
3. Улуу ата мекендик согуштун ардегери Аширов Самидиндин урпактарына көчөнү абатоо боюнча иш-чараларга мүмкүнчүлүктөрүнө карап демөөрчүлүк көрсөтүү жагы сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |