Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 11-июну № 68
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетин аткаруу процессинде алынган кошумча кирешелерди жүргүзүлгөн чыгымдардан үнөмдөлгөн 9339,2 миң сом, атайын каражатынан 507,7 миң сом, бардыгы болуп 9846,9 миң сом акча каражатын 2024-жылдын чыгаша бөлүгүнө киргизүү жөнүндө
Төрт-Көл айылдык кеңешинин жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен калган калдык 9339,2 миң сом, , атайын каражатынан 507,7 миң сом акча каражатын 2024-жылдын чыгаша бөлүгүнө киргизүү жөнүндө маселени айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын кароосунун негизинде жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Бакиров Урматтын сунушу боюнча маселени угуп дана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен калган калдык 9339,2 миң сом, атайын каражатынан 507,7 миң сом, баардыгы болуп 9846,9 миң сом акча каражатын 2024-жылдын чыгаша бөлүгүнүн төмөнкү бөлүмдөрүнө киргизилсин:
ЖКХ статья - 3111 4935,0 миң сом
Билим берүү статья - 3111 1500,0 миң сом
Аппарат статья - 2215 300,0 миң сом
Билим берүү статья - 3112 530,0 миң сом
Аппарат статья - 3112 500,0 миң сом
СДК статья - 2215 500,0 миң сом
ЖКХ статья - 2215 1077,1 миң сом
Бала бакча статья - 2215 504,8 миң сом
2. Жогорудагы токтомду аткаруу жагы ФЭБнүнү башчысы У. Бакировго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |