Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 11-июну № 70
Ана-Кызыл айылынын “Арык уулу” участкасынын ички көчөлөрүн шагыл төшөп оңдоо жөнүндө
Ана-Кызыл айылынын “Арык уулу” участкасынын тургундарынын ички көчөлөрүн шагыл төшөп оңдоо жөнүндөгү 2024-жылдын 6-июнундагы жалпы элдик жыйынын протоколун карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ана-Кызыл айылынын “Арык уулу” участкасынын К. Токсобаев, Ж. Төрөбеков, Ж. Өмурзаков атындагы ички көчөлөргө шагыл төшөп оңдоо артыкчылыктуу багыттагы иштер деп табылып аткарууга алынсын.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошовго аталган ички көчөлөрдү шагыл төшөп оңдоо боюнча долбоор даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин жетишсиздигине байланыштуу даярдалган долбоорду каржылоо Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |