Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 11-июну № 71
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдарындагы жаңы конуштарды электр чубалгылары менен камсыздоо жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдарындагы жаңы конуштарды электр чубалгылары менен камсыздоо жөнүндөгү 2024-жылдын 28-майындагы элдик жыйынын протоколун карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын айылдарындагы жаңы конуштарды электр чубалгылары менен камсыздоо артыкчылыктуу багыттагы иштер деп табылып, аткарууга алынсын.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошовго аймактагы айылдардагы жаңы конуштарды электр чубалгылары менен камсыздоо долбоорун даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин жетишсиздигине байланыштуу даярдалган долбоорду каржылоо Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |