Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 11-июну № 72
Макаренко айылындагы пайдаланбай, авариялык абалда турган ФАПтын имаратын пайдалануу багытын өзгөртүп, ордуна күрүчтү таңгактоочу муницпалдык ишкана курууга макулдук берүү жөнүндө
Макаренко айылындагы пайдаланбай, авариялык абалда турган ФАПтын имаратын пайдалануу багытын өзгөртүп, ордуна күрүчтү таңгактоочу муниципалдык ишкана куруу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Макаренко айылындагы пайдаланбай, авариялык абалда турган ФАПтын имаратын пайдалануу багытын өзгөртүп, ордуна күрүчтү таңгактоочу муниципалдык ишкана курууга макулдук берилсин.
2. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарды даядап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |