Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 74
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 3 кварталынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 3 кварталынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн айыл чарба багытында эмес жерлерден түшүүчү салыгынан 5120,0 миң сом кыскартылсын.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2111 статьясына – 5020,0 миң сом;
- 2121 статьясына – 100,0 миң сом.
3. Жогорудагы токтомду аткарууга алуу жагы ФЭБнүн башчысы У. Бакировго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |