Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 76
Кыймыл айылындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине Тойчубаев Таирбектин атын ыйгаруу жөнүндө
Кыймыл айылындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине жоокер интернационалист Тойчубаев Таирбектин атын ыйгаруу жөнүндөгү айылдын 2024-жылдын 13-августундагы жалпы элдик жыйынын жана 2024-жылдын 15-августундагы бала бакчанын эмгек жааматынын жыйынынын макулдык берүү жөнүндөгү протоколдорун карап жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыймыл айылындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине Тойчубаев Таирбектин аты ыйгарылсын.
2. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |