Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 77
Шоро-Башат айылынын тургуну Ураимов Нуркамил Токтосуновичтин жашап жаткан турак жайынын жанында өзү пайдаланып жүргөн 400 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Шоро-Башат айылынын тургуну Ураимов Нуркамил Токтосуновичтин турак жайынын ээлеген жер тилкесинин, идентификациялык коду 5-06-17-1001-1309, жанында өзү пайдаланып жүргөн 400 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын соода сатык жүргүзүү багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шоро-Башат айылынын тургуну Ураимов Нуркамил Токтосуновичтин турак жайынын ээлеген жер тилкесинин, идентификациялык коду 5-06-17-1001-1309, жанында өзү пайдаланып жүргөн 400 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын соода сатык жүргүзүү багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси А. Джумабаевге Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алап баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |