Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 78
Шоро-Башат айылынын тургуну Мураталиева Айсалкын Эгембердиеванын жашап жаткан турак жайынын аймагынан 40 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Шоро-Башат айылынын тургуну Мураталиева Айсалкын Эгембердиеванын турак жайынын ээлеген жер тилкесинин, идентификациялык коду 5-06-17-1001-1309, аймагынан 40 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын соода сатык жүргүзүү багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шоро-Башат айылынын тургуну Мураталиева Айсалкын Эгембердиеванын турак жайынын ээлеген жер тилкесинин, идентификациялык коду 5-06-17-1001-1309, аймагынан 40 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын соода сатык жүргүзүү багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |