Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 81
Прогресс айылындагы “Төөлөс” кафесинин жанында курулган көмөкчү чордонго 16 м2 жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Прогресс айылынын тургундарын сапаттуу электр энергиясы менен камсыздап, алардын суроо талаптарын канаттандыруу жөнүндөгү, айыл башчы Марат уулу Ибрагимдин билдирүүсүн карап жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Прогресс айылындагы “Төөлөс” кафесинин жанында курулган көмөкчү чордонго 16 м2 жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси А. Джумабаевге Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш кагаздарды дардоо жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |