Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 82
Бостон айылынын Жийде-Булак участкасынын тургуну Маматова Ботокоздүн турак жайынын жанынан ат такалоочу жай курууга макулдук берүү жөнүндө
Бостон айылынын Жийде-Булак участкасынын тургуну Маматова Ботокоздүн турак жайынын жанынан ат такалоочу жай курууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостон айылынын Жийде-Булак участкасынын тургуну Маматова Ботокоздүн турак жайынын жанынан ат такалоочу жай курууга макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси А. Джумабаевге Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |