Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 83
Шоро-Башат айылынын тургуну Ахмедов Сүйүнбайдын “Койчу Датка” айкелинин курулушу үчүн ажыратылган жердин аймагынан 0,10 га жер тилкесин көрктөндүрүп, кафе курууга макулдук берүү жөнүндө
Шоро-Башат айылынын тургуну Ахмедов Сүйүнбайдын “Койчу Датка” айкелинин курулушу үчүн ажыратылган жердин аймагынан 0,10 га жер тилкесин көрктөндүрүп, кафе курууга уруксат сурап жазган арызын жана коомдун 25 адамынын суранычын карап жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шоро-Башат айылынын тургуну Ахмедов Сүйүнбайдын “Койчу Датка” айкелинин курулушу үчүн ажыратылган жердин аймагынан 0,10 га жерди көрктөндүрүп, кафе курууга макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси А. Джумабаевге, көрктөндүрүп, кафе курууга макулдук берилген 0,10 га жер тилкесине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |