Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 85
Айыл өкмөттүн контрактык негизде кошумча шататтык бирдиги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун, 2024-жылдын 19-августундагы Бостон айылынын элдик жыйынын протоколунун негизинде Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө, максаттарына, спецификациясына жана калкынын санына жараша контрактык негизде Бостон айылына айыл башчы кошумча шаттык бирдиги түзүлсүн.
2. Айыл башчы кызмат ордуна Алимбеков Турдуахун Каримович сунушталсын.
3.Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинен, бир айлык эмгек акысы 29312 сомдон бекитилсин.
4. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы У. Бакировго токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жагы.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |