Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 86
Прогресс айылынын тургуну Убукеев Байышбек Турдуевичтин жеке менчигиндеги турак жайынын ээлеген 700 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Прогресс айылынын тургуну Убукеев Байышбек Турдуевичтин жеке менчигиндеги турак жайынын ээлеген 700 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын соода сатык жүргүзүү багытына өзгөртүү киргизүүгө жазган арызын карап жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Прогресс айылынын тургуну Убукеев Байышбек Турдуевичтин жеке менчигиндеги турак жайынын ээлеген 700 м2 жер тилкесинин, идентификациялык коду 5-06-06-1005-1555, пайдалануу багытын соода сатык жүргүзүү багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси А. Джумабаевге, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |