Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 87
Шоро-Башат айылындагы “Байыш” спорттук клубунун спортчуларына Өзбек республикасынын Ташкент шаарында спорттун кик бокс түрү боюнча өтүүчү дүйнө кубогуна катышууга жөнүндө
Шоро-Башат айылындагы “Байыш” спорттук клубунун спортчуларына Өзбек республикасынын Ташкент шаарында спорттун кик бокс түрү боюнча өтүүчү дүйнө кубогуна катышууга барып келүүгө материалдык жардам сурап жазган Өзгөн районунун дене-тарбия жана спорт инструкторунун кайрылуусун карап жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шоро-Башат айылындагы “Байыш” спорттук клубунун спортчуларына Өзбек республикасынын Ташкент шаарында спорттун кик бокс түрү боюнча өтүүчү дүйнө кубогуна катышууга барып келүүгө 6 (алты) спортчунун транспорт, тамак-аш, жатакана чыгымдарын каржылоо үчүн 90 000 (токсон миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы У. Бакировго спортчуларды каржылоону колго алуусу милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |