Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 88
Макаренко айылынан Касымбеков Жамшиттин жашап жаткан турак жайынын жанында бош турган 400 м2 жер тилкесине намазкана курууга макулдук берүү жөнүндө
Макаренко айылынан Касымбеков Жамшиттин жашап жаткан турак жайынын жанында бош турган 400 м2 жер тилкесине намазкана курууга сурап жазган арызын карап жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Макаренко айылынан Касымбеков Жамшиттин жашап жаткан турак жайынын жанында бош турган 400 м2 жер тилкесине намазкана курууга макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси А. Джумабаевге, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |