Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 90
Шоро-Башат айылынын тургуну Жаанбаев Жаныш Тукуевичтин Э. Садыков көчөсүндөгү 0,03 га жер тилкесин көрктөндүрүү үчүн сурап жазган арызы жөнүндө
Шоро-Башат айылынын тургуну Жаанбаев Жаныш Тукуевичтин Э. Садыков көчөсүндөгү 0,03 га жер тилкесин көрктөндүрүү үчүн сурап жазган карап жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шоро-Башат айылынын тургуну Жаанбаев Жаныш Тукуевичтин Э. Садыков көчөсүндөгү 0,03 га жер тилкесин көрктөндүрүү үчүн Кыргыз Республикасыын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобонун негизинде тийиштүү иш кагаздарды даярдоо белгиленсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси А. Джумабаевге жер тилкесин көрктөндүрүүгө берүү боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдоо, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алап баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |