ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 12-декабры №119/XXX-28
Люксембург айыл аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Люксембург айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Касымованын 2022-жылдын 18-январындагы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3-беренесинин 2- пунктуна ылайык, мүлк салыгын киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Люксембург айыл аймагына 2024-жылдын 1-январынан тартып тартып төмөкү салыктар киргизилсин жана бекитилсин:
-кыймылсыз мүлк салыгы;
- транспорт салыгы;
- жер салыгы;
-таштандыларды чыгаруу үчүн чогултуу.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Т.Ногоевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кенешинин төрагасы |
К.Шайлдабеков |