Редакцияот 27.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 12-декабры №120/XXX-28

 

Люксембург айыл аймагынын 2023-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы, Люксембург айыл аймагынын 2024-жылга бюджетин бекитүү жана   2025-2026-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин болжолуна макулдук берүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39- беренелерине ылайык каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Касымованын "Люксембург айыл аймагынын 2023-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы жана 2024-жылга Люксембург айыл аймагынын бюджетин бекитүү жөнүндө" маалыматын угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Касымованын маалыматы эске алынсын.

2.Люксембург айыл аймагынын 2023-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгынын киреше боюнча 38422,3 миң сом   жана чыгаша боюнча 42132,9   миң сом суммасында, анын ичинде атайын эсеп 1302,9 миң сом суммасында бекитилсин.

3. Люксембург айыл аймагынын 2024-жылдагы бюджети киреше жана чыгаша, атайын эсеп менен кошо 37283,2 миң сом өлчөмүндө төмөнкүдөй бөлүнүп бекитилсин:

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр – 8583,6 миң сом;

- турак-жай коммуналдык чарба – 15506,2 миң сом;

- китепкана – 672,5 миң сом;

- билим берүү – 5815,7 миң сом;

- бала бакча – 1222,0 миң сом;

- социалдык коргоо – 2651,2 миң сом;

- атайын  эсеп – 2772,0 миң сом,

 - жайыт -                                                                            60,0 миң сом.

Эркин калдыгы боюнча негизги эсеп  5215,2 миң сом суммасында.

Эркин калдыгы боюнча атайын эсеп 366,1 миң сом суммасында.

4. 2024-жылдын башына карата 50,0 миң сом суммасында эркин калдыктын каражаттарынын эсебинен жүгүртүүчү кассалык накталай акча каражаттары түзүлсүн.

5. Спорттук-маданий-массалык иш-чараларды жана ӨКМ жагын сыйлоо жана финансылык колдоо көрсөтүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын резервдик фонду жалпысынан 335,0 миң сом менен түзүлсүн. 

6. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин берилген эмгек акысы социалдык фондго чегерүүлөр менен бирге 1228,3 миң сом суммасында бекитилсин.  

7. Эркин калдык 5215,2 миң сом суммасында бекитилсин. Эркин  калдыкты айылдык кеңештин макулдугу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын кароосуна берилет.    

8. 2025-жылга карата киреше жана чыгаша боюнча жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн  болжолу 35905,6 миң сом суммасында жана 2026-жылга 39172,6 миң сом суммасында макулдук берилсин.

9. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

10.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы боюнча туруктуу комисиясына  жүктөлсүн.

 

 

Люксембург айылдык

кенешинин төрагасы  

 

   К.Шайлдабеков