ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-декабры №124/XXXI-28
Люксембург айыл аймагында жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторду берүү ченемин белгилөө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 3-беренесинин 18-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген жеке турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө Жобонун 5-пунктуна ылайык, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл аймагында жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторду берүү ченеминин өлчөмү шаар куруу документтерине ылайык белгиленет жана 1500 кв.метрден ашпашы керек.
2. Жер мунапыс субъектисине бекитилип берилүүчү жер участогунун өлчөмү жеке турак үйдү куруу үчүн ошол айыл аймагында же калктуу конушта бекитилген чектелген аянтка жараша белгиленет
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, турак жай жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссига жана Люксембург айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Б.Токталиевага жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кенешинин төрагасы |
К.Шайлдабеков |