Редакцияот 28.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 28-апрели № 1.

 

Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.     Кыргыз Республикасынын   “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин 27-январь 2022-жылдагы V чакырылыштагы кезектеги IХ сессиясынын №1 токтому менен кабыл алынган Нарын шаардык Кеңешинин Регламенти күчүн жоготту деп таанылсын.

 

2. Нарын шаардык Кеңешинин Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Жапаралиевага тапшырылсын.

 

 

Төрага

Ж. Эсеналиев

 

 

 

Нарын шаарынын аймагында көрктөндүрүү эрежелеринин, калктуу конуштардын аймагында белгиленбеген жерлерге жүк ташуучу унаалардын токтошуна, санитардык жана экологиялык ченемдердин сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Нарын шаарынын мэриясы тарабынан иш-аракеттеринин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

2. Нарын шаарынын мэриясынын, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан Нарын шаарынын аймагында көрктөндүрүү эрежелеринин, калктуу конуштардын аймагында белгиленбеген жерлерге жүк ташуучу унаалардын токтошуна, санитардык жана экологиялык ченемдердин сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруучу жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу жобосу болуп саналат.

3. Нарын шаардык мэриясынын жооптуу кызматкери аркылуу тиешелүү мекемелер менен биргеликте иш жүргүзөт.

4. Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Нарын шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актыларына, Нарын шаардык мэриясы ушул Жобого ылайык өз иш-аракеттерин жүзөгө ашырат.

5. Жоопту кызматкер өз иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен Нарын шаардык мэриясынын атынан жүзөгө ашырат.

6. Жооптуу кызматкер мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

7. Жобонун негизинде жооптуу кызматкер тарабынан анын компетенциясынын чегинде кабыл алынган актылары бардык мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.

 

 

2. Максаты жана милдеттери

8. Жооптуу кызматкер иш-аракеттеринин максаты болуп менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан Нарын шаарынын аймагында көрктөндүрүү эрежелеринин, калктуу конуштардын аймагында белгиленбеген жерлерге жүк ташуучу унаалардын токтошуна, санитардык жана экологиялык ченемдердин сакталышын контролдоо, Нарын шаарынын аймагында айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Нарын шаардык мэриясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу болуп саналат.

9. Негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- Нарын шаарынын аймагында бөлүп берилген жана бекитилген аймактарды, анын ичинде муниципалдык тапшырык боюнча көрктөндүрүү, санитардык нормаларды күтүү жана тазалоо, калктуу конуштардын аймагында белгиленбеген жерлерге жүк ташуучу унаалардын токтошуна, Нарын шаарынын аймагында өндүрүштүк жана керектөө калдыктарын иштетүү боюнча эрежелердин сакталышын контролдоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо менен аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде камсыздоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрктөндүрүү, өндүрүштүк жана керектөө калдыктарын иштетүү чөйрөсүндө программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

- Нарын шаарынын аймагында атмосфералык абаны коргоо регламенттеринин, ченемдеринин, эрежелеринин жана башка талаптарынын сакталышын, анын ичинде транспорттук жана башка көчмө каражаттарды эксплуатациялоодо жана эксплуатацияга чыгарууда контролдоо;

- менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан Нарын шаарынын аймагында көрктөндүрүү эрежелерин, калктуу конуштардын аймагында белгиленбеген жерлерге жүк ташуучу унаалардын токтошуна,  санитардык жана экологиялык ченемдерди бузуу фактылар белгиленген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо тарабынан аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу.

3. Негизги функциялары

10. Жооптуу кызматкерге жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо тарабынан аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана Нарын шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Нарын шаарынын аймагында бөлүп берилген жана бекитилген аймактарды, анын ичинде муниципалдык тапшырык боюнча көрктөндүрүү, калктуу конуштардын аймагында белгиленбеген жерлерге жүк ташуучу унаалардын токтошуна, санитардык күтүү жана тазалоо, өндүрүштүк жана керектөө калдыктарын иштетүү эрежелеринин сакталышын контролдоо;

- менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана Нарын шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жер жумуштарын, авариялык жумуштарды жүргүзүүгө карата уруксат берүүчү документтердин шарттарынын сакталышын, ошондой эле бузулган көрктөндүрүү элементтерин калыбына келтирүүнү контролдоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде Нарын шаарынын аймагында имараттардын фасаддарынын, жолдордун, тротуарлардын, жол белгилеринин, чакан архитектуралык формалардын жана көрктөндүрүүнүн башка элементтеринин абалын контролдоо;

- менчигинин түрүнө карабастан, жеке жана юридикалык жактардын курулуш аянтына жанаша жайгашкан аймакта көрктөндүрүү эрежелерин сактоосун контролдоо;

- менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын Нарын шаарынын аймагында жанаша жайгашкан аймактарын өз убагында тазалоону, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууну, санитардык тазалоону жана механизацияланган тазалоо жумуштарын аткарууну уюштуруу боюнча иш-аракеттерин контролдоо;

- өндүрүштүк таштандыларды, катуу тиричилик калдыктарын, ошондой эле калктын саламаттыгы үчүн коркунучтуу деп саналган калдыктарды (медициналык, биологиялык, радиоактивдүү) ташып чыгаруу, утилизациялоо жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар менен өз убагында келишим түзүүнү контролдоо;

- баалуу компоненттерди (түстүү жана кара металлдар, тамак-аш калдыктары, текстиль, айнек, кагаз ж.б.) өзүнчө бөлүп чогултууну караган калдыктарды чогултуунун, сактоонун, туруктуу ташып чыгаруунун сарамжалдуу тутумун уюштурууну контролдоо;

- уруксат берилбеген таштанды төгүүчү жайларды аныктоо, бөгөт коюу жана болтурбоо, тиричилик, өндүрүштүк, өнөр жай жана таштандылардын башка түрлөрүн, анын ичинде медициналык калдыктарды белгиленбеген жерлерге таштаган учурларды, таштандыларды, катуу-тиричилик, өндүрүштүк, өнөр жай калдыктарын, жалбырактарды жана өсүмдүктөрдү өрттөгөн учурларды аныктоо, бөгөт коюу жана болтурбоо;

- курулуш калдыктары жана инерттүү материалдар менен иштөөнү тартипке келтирүү боюнча иштерди уюштуруу;

- Нарын шаарынын аймагында атмосфералык абаны пайдалануу эрежелеринин сакталышын контролдоо;

- Нарын шаарынын аймагында атмосфералык абаны коргоо, анын ичинде транспорттук жана башка жүрүү каражаттарын эксплуатацияга чыгарууда жана эксплуатациялоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген регламенттердин, ченемдердин, эрежелердин жана башка талаптардын сакталышын контролдоо;

- менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар менен профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле Нарын шаарынын аймагын санитардык жактан күтүү, таштандылар жана башка калдыктар менен иштөө, атмосфералык абаны коргоо маселелери боюнча консультациялык жардам көрсөтүү;

- Нарын шаарынын автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууда, реконструкциялоодо, реабилитациялоодо, оңдоодо жана күтүүдө жол-курулуш материалдарына изилдөө жүргүзүүнү жана төшөлгөн асфальт-бетон катмарын текшерүүнү камсыздоо боюнча жана калктуу конуштардын аймагында белгиленбеген жерлерге жүк ташуучу унаалардын токтошуна иштерди уюштуруу;

- Нарын шаарынын аймагында көчөө соодасын жана чакан чекене соода тармагын тартипке келтирүү боюнча чараларды көрүү;

- көчөдөгү соода орундарында, соода ишканаларына жанаша аймактарды санитардык чөйрөдө тартипке келтирүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;

- менчигинин түрүнө карабастан жеке же юридикалык жактар тарабынан, Нарын шаарынын аймагында атмосфералык абанын начарланышына алып келүүчү укук бузуулар жасалган фактыларды аныктоо;

- менчигинин түрүнө карабастан жеке же юридикалык жак тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жоопкерчилик каралган укук бузуулар жасалган фактылар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо менен аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды кабыл алуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо тарабынан аныкталган жоооптуу кызматкердин компетенциясынын алкагында менчигинин түрүнө карабастан жеке же юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын кароо.

4. Негизги укуктары жана милдеттери

11. Жооптуу кызматкер төмөнкү укуктарга ээ:

- Жооптуу кызматкерге ишенип берилген мүлктү камсыздандыруу менен коргоону жүзөгө ашырууга багытталган иш-чараларды ишке ашырууга;

- сот органдарында Нарын шаардык мэриясынын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө, ошондой эле өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын сот органдарында доолорду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолорду коюуга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жооптуу кызматкер иш-аракеттерин камсыздоого багытталган келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүүгө;

- аймактарды көрктөндүрүү, санитардык күтүү жана тазалоо, калдыктарды иштетүү, Нарын шаарынын экологиялык коопсуздугу чөйрөсүндө жооптуу кызматкердин иш-аракеттеринин ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды Нарын шаарынын мэриясынын кароосуна киргизүүгө;

- Муниципалдык инспекциянын компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссиялардын, атайын жумушчу топтордун ишине катышууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо тарабынан белгиленген компетенциянын чегинде аныкталган бузууларды жоюу боюнча менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон жазма буйруктарды белгиленген тартипте чыгарууга;

- бузуулар жөнүндө иштерди белгиленген тартипте кароого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаза колдонууга;

- иштетилген газдарды булгоочу заттардын болушун аныктоо жана катализаторлордун болушун текшерүү максатында транспорт каражаттарын токтотууга;

- автомобиль кыймылдаткычтарынан иштелип чыккан газдын курамын текшерүү жана иштелип чыккан газдын түтүнүн өлчөө үчүн атайын техникалык жабдууларды колдонууга;

- атмосфераны булгоочу заттарды чыгарууга байланышкан бузууларды болтурбоо максатында чарба субъекттерин текшерүү жүргүзүүгө;

- айырмалоо белгилери менен бекитилген үлгүдөгү форма кийимин кийүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте атайын техникалык каражаттарды пайдаланууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо тарабынан белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде укук бузууларга бөгөт коюу боюнча зарыл чараларды белгиленген тартипте көрүүгө;

- өз компетенциясынын чегинде маселелерди кароо үчүн эксперттерден жана адистерден турган жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө;

- Нарын шаарынын аймагында айлана-чөйрөнү коргоо, калктуу конуштардын аймагында белгиленбеген жерлерге жүк ташуучу унаалардын токтошуна, санитардык жана экологиялык ченемдерди бузууларга өз убагында бөгөт коюу боюнча оперативдүү рейддерди жүргүзүүгө;

- өз компетенциясында каралган маселелери боюнча жарандарды кабыл алууга, келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, алар боюнча зарыл чараларды кабыл алууга;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

12. Жооптуу кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырды жана жашыруун маалыматтарды сактоону камсыздоого;

- белгиленген тартипте башка милдеттерди аткарууга.

5.  Эсепке алуу жана отчёттуулук

13. Жооптуу кызматкердин иш-аракеттерин контролдоону Нарын шаардык мэриясы жүзөгө ашырат. Жооптуу кызматкер өзүнүн иш-аракеттеринде Нарын шаарынын мэриясына маалыматтарды берет.

14. Жооптуу кызматкер мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте жана аныкталган мөөнөттөрдө статистикалык отчётторду берет. Жооптуу кызматкердин иш-аракеттерин текшерүүнү ыйгарым укуктуу органдар, ошондон эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү ыйгарым укуктарга ээ болгон уюмдар жүзөгө ашырат.

 

 

Жооптуу катчы

 

                 А. Жапаралиева