Редакцияот 20.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

10-чакырылышынын 3-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын  20-майындагы №3/2

 

Казыбек айыл аймагында “Жергиликтүү Демилгелерди тандоо

жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобо” жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши: 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1Казыбек айыл аймагында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан “Жергиликтүү Демилгелерди тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө Типтүү Жобо” толуктоолору менен бекитилсин.

Добуштардын саны: Жалпы 15, Макул 14,Калыс 1

2.Бул токтомдун аткарылышын  Казыбек айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Исаковго, көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн орун басары Б.Мамытовго тапшырылсын.

3.Ушул токтомду  каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

Э.Султаналиев