Редакцияот 20.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

10-чакырылышынын 3-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын  20-майындагы №3/3

 

 

Казыбек Кара-Коюн   муниципалдык ишканасы  жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши: 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Казыбек  Кара-Коюн муниципалдык ишканасынын 2024-жылда аткарылган  иши боюнча Т.Стамакуновдун жыйынтык маалыматы канааттандырарлык эмес деп табылсын.

Добуштардын саны: Жалпы 15, Макул 14 Калыс 1

2.Муниципалдык ишкананын жетекчисине “сөгүш” чарасын берүүсү Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомду  каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.

4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

 

 

 

Төрага

Э.Султаналиев