Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 94
Макаренко айылынын тургуну Жоробаева Назирбүвүнүн жеке менчигиндеги жашап жаткан турак жайынын аймагынан 30 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Макаренко айылынын тургуну Жоробаева Назирбүвүгө 2017-жылдын 3-июлунда берилген, менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысын, сериясы Ч № 727239, жеке менчигиндеги жашап жаткан турак жайынын аймагынан 30 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын соода сатык жүргүзүү багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндөгү жазаган арызын карап жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоробаева Назирбүвүгө жашап жаткан турак жайынын аймагынан 30 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын соода сатык жүргүзүү багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |