Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-апрели № 210
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 341 токтомунун редакциясына ылайык)
Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-февралындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
11 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги | 229 | 44 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 97 | 31 |
| аймактык бөлүмдөрү | 121 | 11 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 11 | 2 |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 19-6-пункт менен толукталсын:
"
19-6 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | 170 | 44 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 43 | 12 |
| аймактык бөлүмдөрү | 127 | 32 |
";
2) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
11 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги | 4 |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-3-пункт менен толукталсын:
"
21-3 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | 2 |
";
- эскертүүнүн 1-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 3, 4-пунктчалары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 270 "Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 341 токтомунун редакциясына ылайык)