Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Агенттик) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
Агенттик дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттик өз ишин башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар жана мекемелер менен карым-катнашта аткарат.
4. Агенттик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар башка мөөрлөрү, штамптары болот.
5. Агенттиктин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги";
- расмий тилде:
"Государственное агентство физической культуры и спорта при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
6. Агенттиктин кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Спорт агенттиги";
- расмий тилде: "ГАФКС".
7. Агенттиктин юридикалык дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17.
2-глава. Агенттиктин максаты
8. Агенттиктин максаты Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү болуп эсептелет.
3-глава. Агенттиктин милдеттери
9. Агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өлкөнүн калкынын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн шарттарды түзүү жана андан ары өркүндөтүү;
2) өлкөнүн эл аралык спорттук кадыр-баркын түзүү жана бекемдөө;
3) сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо;
4) калктын кеңири катмарын спортко тартууга жана сергек жашоого, дене тарбиялык жактан дени сак жаш муундарды тарбиялоого, спорт индустриясын жана инфраструктурасын өнүктүрүүгө, эл аралык спорттук аренада өлкөнү спорттун жогорку жетишкендиктери жаатында татыктуу көрсөтүүнү камсыз кылууга багытталган дене тарбия жана спорт жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
5) дене тарбия-спорттук коомдордун жана клубдардын ишин координациялоо, ошондой эле дене тарбиясынын машыктыруучу-окутуучуларынын жана инструкторлорунун ишин уюштуруу-методикалык жактан жетектөө;
6) балдарды спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга кеңири тартуу, балдарга спорттук билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жолу менен балдар спортун ар тараптан өнүктүрүү;
7) өлкөдө кесиптик жана массалык спортту, анын ичинде оюндардын жана кышкы оюндардын түрлөрүн өнүктүрүүгө дем берүү жана колдоо, алдынкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен спорттук даярдоо процессине заманбап технологияларды киргизүү, спорттун бардык түрлөрү боюнча улуттук чемпионаттардын деңгээлин жана сапатын жогорулатуу, эл аралык жана региондук мелдештерди уюштуруу, ошондой эле спорттогу адилетсиз атаандаштыкка жана тыюу салынган субстанцияларды жана (же) методдорду колдонууга каршы аракеттенүү боюнча системалуу чараларды көрүү;
8) эл аралык жана мамлекеттер аралык спорттук байланыштарды кеңейтүү жана чыңдоо, чет өлкөлүк инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча иштерди уюштуруу, популярдуу спорттук программаларды уюштурууга көмөк көрсөтүү, дене тарбия жана спорт жаатында массалык адабияттарды басып чыгаруу жана тематикалык видео жана киноматериалдарды чыгаруу.
4-глава. Агенттиктин функциялары
10. Агенттик төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функция:
- Агенттиктин белгиленген иш чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзөт жана аны жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- спорттук мелдештерди жана массалык дене тарбия-спорттук оюн-зоок иш-чараларды өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын улуттук спорттук курама командаларынын спортчуларын жана мүчөлөрүн спорттук шаймандар, жабдуулар жана кийим-кече менен камсыз кылат;
- массалык, балдар арасындагы жана кесиптик спортту өнүктүрүү багыттары боюнча ишти өркүндөтүү жана жаңы объекттерди жана курулмаларды куруу боюнча, алардын максималдуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизет;
- тикелей инвестицияларды жана гранттарды тартуу менен дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө белгиленген тартипте эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
2) жөнгө салуу функциясы:
- белгиленген тартипте мамлекеттик, муниципалдык спорттук мектептерге олимпиадалык резерв статусун ыйгарат;
- мыйзамдарга ылайык республикалык дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу, спорттук иш-чаралардын, эл аралык мелдештердин жана окутуучу-машыгуучу жыйындардын Бирдиктүү календардык планын иштеп чыгат жана бекитет;
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери ардак наамдарын, калыстардын квалификациялык категорияларын ыйгаруу жана ажыратуу жөнүндө жоболорду иштеп чыгат;
- федерациялардын жана кызыкдар спорттук уюмдардын сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү спорттук классификациясын иштеп чыгат жана бекитет;
- спорттук иш-чараларды, спорттун түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүү регламенттерин иштеп чыгат жана бекитет;
- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу", "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" наамдарын ыйгарат жана ажыратат;
- белгиленген тартипте "Улуттук даражадагы калыс", "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" наамдарын ыйгарат жана ажыратат;
- спорттун түрлөрү боюнча келечектүү спортчуларды резервге кабыл алуунун жана даярдоонун планын аныктайт жана бекитет;
- белгиленген тартипте Спорттун жана спорттук дисциплиналардын түрлөрүнүн улуттук реестрин жүргүзөт;
- белгиленген тартипте Дене тарбия жана спорт объекттеринин реестрин жүргүзөт;
- белгиленген тартипте уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан кесиптик педагогикалык жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдардын каттоо эсебин жүргүзөт;
3) контролдоо функциясы:
- дене тарбия жана спорт маселеси боюнча иштердин абалын контролдойт жана баа берет, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин аткарылышын, концепциялардын, стратегиялардын, программалардын ишке ашырылышын контролдойт;
- белгиленген тартипте спортто допингдик препараттарды пайдаланууга каршы иш жүргүзөт;
- белгиленген тартипте спорттук мелдештерди жана массалык дене тарбия-спорттук оюн-зоок иш-чараларды токтотуп турат же токтотот;
4) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү функциясы:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызматтарды акысыз жана акы төлөнүүчү негизде, ошондой эле окуу-машыгуу жыйындары үчүн мейманкана кызматтарын көрсөтөт;
5) колдоо функциясы:
- спорттук сыйлоо атрибуттарын иштеп чыгат жана бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү кадрдык саясатты ишке ашырат;
- белгиленген тартипте спорттун түрлөрү боюнча окуу-машыктыруу жыйындарын уюштурат жана өткөрөт;
- эл аралык мелдештерге спортчулардын жана расмий өкүлдөрдүн катышуусун камсыз кылат;
- белгиленген тартипте спорттун түрлөрү боюнча улуттук рекорддорду бекитет;
- спорттун түрлөрү боюнча дүйнөнүн, азиянын чемпионаттарына, Олимпиада, сурдлимпиада, паралимпиада, атайын олимпиада, азия оюндарына жана башка эл аралык мелдештерге спорттук резервди, улуттук курама командаларды даярдоо боюнча ишти жүзөгө ашырат;
- дене тарбия жана спорт маселелери боюнча жарнамалык-маалыматтык ишти жүргүзөт;
- бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен дене тарбия жана спорт чөйрөсүнүн материалдык-техникалык базасын өнүктүрөт;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
- дене тарбия жана спорт маселелери боюнча усулдук жана консультациялык жардамдарды көрсөтөт;
- дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууда мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтөт;
- дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн программаларды, долбоорлорду финансылык колдоо, ошондой эле мамлекеттик заказды жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;
- өз ишинин чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүүгө мамлекеттик заказды ишке ашырат;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышат;
- жер-жерлерде мамлекеттик бийлик органдары, дене тарбия-спорттук коомдор, билим берүү мекемелери, коомдук уюмдар менен биргеликте калк арасында дене тарбия жана спорт менен машыгууну кеңири жайылтуу боюнча кеңири масштабдагы иштерди уюштурат;
- Олимпиадалык, паралимпиадалык жана азия оюндарына, дүйнөнүн, азиянын чемпионаттарына жана башка эл аралык мелдештерге жана турнирлерге ийгиликтүү катышууну камсыз кылуу үчүн келечектүү спортчуларды тандоонун, даярдоонун жана чеберчилигин жогорулатуунун натыйжалуу системасын түзүүдө, алардын ичинен сапаттуу спорттук резервди жана өлкөнүн курама командаларынын курамын түзүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети, спорттук федерациялар (ассоциациялар) менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
- дене тарбия-ден соолукту чындоочу жана спорттук уюмдардын, массалык, балдар арасындагы жана кесиптик спортту өнүктүрүү багыттары боюнча объекттердин жана курулмалардын материалдык-техникалык базасын өнүктүрөт жана чыңдайт, алардын максималдуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылат;
- дене тарбия жана спорт жаатындагы кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыз кылат, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук-билим берүү мекемелерин жогорку квалификациялуу машыктыруучулар жана башка спорт адистери менен камсыз кылат;
- белгиленген тартипте дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө байланыштуу эл аралык, республикалык, региондук жана жергиликтүү иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте консультацияларды, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары, эл аралык жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү уюштурат.
5-глава. Агенттиктин укуктары
11. Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан, уюштуруу-укуктук формасына карабастан башка уюмдардан дене тарбия жана спорт маселелери боюнча материалдарды жана маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- белгиленген тартипте эл аралык дене тарбия-спорттук уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
- Агенттиктин карамагындагы уюмдарды алардын милдеттери жана функциялары өзгөргөндүгүнө байланыштуу белгиленген тартипте кайра уюштурууга;
- спорттук наамдарды, спорттук разряддарды жана квалификациялык категорияларды ыйгаруу тартибин бекитүүгө;
- спортчулар, машыктыруучулар жана адистер, анын ичинде чет өлкөлүк адистер менен келишимдерди (контракттарды) түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук жаштар жана спорттук уюмдар, эл аралык жана башка уюмдар менен өз ара кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
- мелдештердин жана конкурстардын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоого;
- Кыргыз Республикасынын алдынкы спортчуларына стипендия төлөөгө;
- белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштамаларды киргизүүгө;
- белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого;
- Агенттиктин кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын уюштурууга;
- Агенттиктин карамагындагы аймактык органдар, ведомстволук мекемелер, мамлекеттик ишканалар жана мекемелер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон ички ведомстволук актыларды кабыл алууга;
- ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик кеңештерди, жумушчу топторду, анын ичинде мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга;
- Агенттиктин ишинин маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донорлордун гранттарын тартууга;
- бюллетендерди, журналдарды жана башка басылмаларды чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акысыз жана акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча конкурстарды, кеңешмелерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө жана жарнамалык-басма ишин жүргүзүүгө;
- белгиленген тартипте Агенттиктин грамоталарын, төш белгилерин жана башка сыйлыктарын уюштурууга.
6-глава. Агенттиктин ишин уюштуруу
12. Агенттикти Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
13. Директор:
- Агенттиктин ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жоопкерчилик тартат;
- борбордук аппараттын, аймактык органдардын жана ведомстволук мекемелердин түзүмдөрүн бекитет, алардын өзгөрүүсү Агенттиктин милдеттерин жана функцияларын өзгөртүү менен гана байланыштуу болушу мүмкүн;
- борбордук аппараттын, аймактык органдардын жана ведомстволук мекемелердин штаттык расписаниесин бекитилген жалпы сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде бекитет;
- Агенттиктин карамагындагы мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- Агенттиктин карамагындагы аймактык органдар жана мекемелер жөнүндө жоболорду бекитет;
- борбордук аппараттын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Агенттиктин администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларын ротациялайт;
- Агенттиктин аймактык органдарынын жетекчилерин мыйзамдарда белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Агенттиктин карамагындагы мекемелердин жетекчилерин жана башкы бухгалтерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Агенттиктин карамагындагы аймактык органдар, ведомстволук мекемелер, мамлекеттик ишканалар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды, башка ведомстволук актыларды чыгарат жана өз компетенциясынын чегинде алардын аткарылышын контролдойт;
- Агенттиктин ишин жүргүзүү үчүн бюджеттик акча каражатынын көлөмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды берет;
- бюджеттик каражаттардын пайдаланылышын контролдойт;
- мыйзамда белгиленген тартипте Агенттиктин карамагындагы мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;
- Агенттиктин карамагындагы мамлекеттик ишканалардын башкы бухгалтерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Агенттиктин кызматкерлерине карата сыйлоо жана жаза чараларын колдонот.
14. Агенттиктин директорунун орун басарлары болот, алар Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Агенттиктин директорунун орун басарлары директордун сунушусуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызматынан бошотулушу мүмкүн.
Агенттиктин директорунун орун басарлары аларга жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Агенттиктин ишин уюштурат.
Директор жок учурда анын милдеттерин директордун орун басарларынын бири аткарат.
15. Агенттикте 11 адамдан турган коллегия түзүлөт.
Кызмат орду боюнча директор (коллегиянын төрагасы) жана директордун орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, Агенттиктин борбордук аппаратынын, башка мекемелеринин, уюмдарынын жана ишканаларынын өкүлдөрү коллегиянын мүчөлөрү болуп саналат.
Агенттиктин коллегиясы жөнүндө жобону Агенттиктин директору бекитет.
7-глава. Финансылык чарбалык иш
16. Агенттик өз ишин жүзөгө ашыруу максатында ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттик менчиктеги мүлктү пайдаланат.
17. Агенттиктин борбордук аппаратынын, аймактык органдарынын жана ведомстволук мекемелеринин ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны күтүү жана өнүктүрүү республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)

- Агенттиктин кызматкерлерине карата сыйлоо жана жаза чараларын колдонот;
- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат.