Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-июну № 319
Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө
Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алууну регламенттөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде:
– 542-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун актысы менен маселени чечүү зарылдыгы көрсөтүлгөн Юстиция министрлигинин корутундусун алганда Министрлер Кабинетинин актысынын долбоору Президенттин Администрациясы тарабынан каралууга жатпайт. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомстволордун укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.”.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Тартипти жетекчиликке жана аткарууга алсын.
4. Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипти жетекчиликке алуу сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 6-июнундагы № 41 (3697) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |