Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 95
Евразия курулуш банкынын курулуш мезгилинде аянты 3,0 га жер участогун (жалпы билим берүү уюмунун курулушуна), ошондой эле кошумча аянты 1,0 га жер участогун (курулуш шаарчасын жайгаштыруу үчүн) кийин узартуу укугу менен 6 жылдык мөөнөткө акысыз мөөнөтүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июлу, № 397-т текемесинин негизинде, Евразия өнүктүрүү банкынын курулуш мезгилинде аянты 3,0 га жер участогун (жалпы билим берүү уюмунун курулушуна), ошондой эле кошумча аянты 1,0 га жер участогун (курулуш шаарчасын жайгаштыруу үчүн) кийин узартуу укугу менен 6 жылдык мөөнөткө акысыз мөөнөтүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июлу, № 397-т текемесинин негизинде, Евразия өнүктүрүү банкынын курулуш мезгилинде аянты 3,0 га жер участогун (жалпы билим берүү уюмунун курулушуна), ошондой эле кошумча аянты 1,0 га жер участогун (курулуш шаарчасын жайгаштыруу үчүн) кийин узартуу укугу менен 6 жылдык мөөнөткө акысыз мөөнөтүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |