Редакцияот 20.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

10-чакырылышынын 3-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын  20-майындагы №3/7

 

 

Казыбек айыл аймагында убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши: 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Казыбек -Кара-Коюн муниципалдык ишканасындагы техникаларды жеринде барып көрүү жана бухгалтери алмашкандыктан өткөрүү кабыл алуу иштери боюнча катышууга  убактылуу комиссия курамына төмөндөгү депутаттар жана айыл өкмөтүнүн кыматкерлери сунушталсын:

 

          1.Б.Мамытов

2.Ф.Токушева

          3.А.Айыпов

4.З.Мамбетмусаева

5.Ж.Мундушев

6.Т.Исаков

7.Н.Үсөналиева

 

Добуштардын саны: Жалпы 15, Макул 15.

2.Ушул токтомду  каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.

3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

Төрага

Э.Султаналиев