Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 токтомуна |
Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) бирдиктүү казыналык эсептин депозиттик эсептеринде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттарын сактоо, кайтарып берүү же багыты боюнча өткөрүп берүү тартибин аныктайт.
2. Казыналыктын депозиттик эсебин ачуу бюджеттик мыйзамдарга, ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт жана убактылуу тескөөгө (сактоого) түшкөн каражаттар боюнча операциялар эсепке алынган эсепти билдирет жана кандайдыр бир шарттар келип чыккан учурда аларды чегерген жеке жана юридикалык жактарга кайтарылууга же багыты боюнча өткөрүп берилүүгө тийиш (мындан ары – депозиттик эсептин каражаттары).
2-глава. Сактоо мөөнөтү
3. Депозиттик эсептин каражаттарын сактоо төмөнкү мөөнөттөр менен чектелет:
1) жарандарга өткөрүп берүүгө тийиш болгон депозиттик эсептин каражаттары үч жыл сакталат;
2) ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге (бюджеттик мекемелерден тышкары) өткөрүп берүүгө тийиш болгон депозиттик эсептин каражаттары үч жыл сакталат;
3) бюджеттик мекемелерге өткөрүп берүүгө тийиш болгон депозиттик эсептин каражаттары, бул суммалар депозиттик эсепке салынган жылдын 31-декабрына чейин сакталат, ал эми чечилбеген соттук иштер боюнча депозитке салынган суммалар, сот тарабынан чечим чыгарылган жылдын 31-декабрына чейин сакталат;
4) Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен сырткары жумушка орноштуруу менен байланышкан иштөөгө уруксатты же иштөө укугуна уруксатты тариздеген жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө тийиш болгон депозиттик эсептин каражаттары аталган уруксат колдонулган мөөнөткө сакталат.
Ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн мөөнөттөр тийиштүү суммалар депозитке салынгандыгы жөнүндө кабарлоо депозиттик сумманы салган адамга же мекемеге жиберилген күндөн, ал эми чечилбеген соттук иштер боюнча депозитке салынган суммалар үчүн – соттун чечими чыккан күндөн тартып эсептелет.
Эгерде депозиттик сумманы салган адам же мекемеге чет өлкөдө болсо жана бул сумманы тескөө үчүн уруксат алуу зарыл болсо, анда бул мөөнөттөр мындай уруксат алынган күндөн тартып эсептелет.
4. Ушул Жобонун 3-пунктунда белгиленген сактоо мөөнөттөрү аяктагандан кийин депозиттик эсептин талап кылынбаган каражаттары бул суммалар сакталган депозиттик эсептин ээси болгон мамлекеттик/муниципалдык мекеменин буйругу боюнча тийиштүү бюджеттин кирешесине которулууга тийиш.
3-глава. Кайтарып берүү же багыты боюнча өткөрүп берүү
5. Депозиттик эсептин каражаттарын кайтарып берүү депозит менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылган шартта же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган кандайдыр бир шарттар келип чыккан учурда ишке ашырылат.
6. Депозиттик эсептин каражаттары накталай акча менен берилген учурда бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан кол коюлган чектер боюнча берилет же бул суммалар берилүүгө тийиш болгон адамдардын же уюмдардын атына төлөм тапшырмалары менен которулат.
4-глава. Отчеттор
7. Депозиттик эсептин каражаттары боюнча отчеттор бекитилген формалар боюнча түзүлөт жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
5-глава. Контролдоо
8. Депозиттик эсептин каражаттары боюнча талаптагыдай эсепке алуу жана отчеттуулук үчүн жооптуу бюджеттик мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери финансылык тартипти бузгандыгы жана аларга жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жекече жоопкерчилик тартат.
9. Депозиттик эсептин каражаттарын чегерүү тартибин, сактоо мөөнөтүн, кайтарып берилишин же багыты боюнча өткөрүп берилишин, ошондой эле эсепке алуунун жана ушул эсептер боюнча отчет түзүүнүн тууралыгын текшерүү мекемелердин ишин текшерген жана аудит жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
10. Финансылык тартипти бузуу фактылары аныкталган учурда мекемелердин ишин текшерген жана аудит жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бузууларга жол берген күнөөлүү адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат берет жана сунуш киргизет.