Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын
4 сессиясынын
2025-жыл 27-январындагы №11
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргендигине байланыштуу, турак имараттары, курулма
жайлар үчүн салык ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379-беренесинин 1-пунктунун 1-бөлүмүнө өзгөртүү киргендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдагы № 01-13/ 143 чыгыш сандуу катынын негизинде турак жай имараттар, курулма жайлар үчүн зоналдык салык ставкасын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңештин ХХIХ-чакырылышынын 4-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл аймагында 2025-жылдын 1-январынан баштап, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргендигине байланыштуу, турак имараттары, курулма жайлар үчүн зоналдык салык ставкасы колдонууга киргизилсин.
2. Момбеков айыл аймагындагы турак имараттары, курулма жайлар үчүн салык ставкасын 10 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитети жана Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Магаматкуловго жүктөлсүн.
Төрага |
И. Абдразак уулу |