Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин Х чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2025-жылдын 17-февралы №2-10-9
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 2023- жылдын 19-декабрындагы “Майлуу-Суу шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (ДЮСШ) имаратын, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментине 5 (беш) жылга оперативдүү пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
23-9-11 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 31-январындагы чыг. № 01-14-50 сандуу кайрылуусун, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, депутаттардын сунуштарын эске алып жана шаардык кеңештин регламентине ылайык шаардык кеңештин X чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэринин орун басары Н.Абдиганиевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 2023-жылдын 19-декабрындагы “Майлуу-Суу шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (ДЮСШ) имаратын, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментине 5 (беш) жылга оперативдүү пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө” № 23-9-11 токтомунун 2 пунктундагы сүйлөмдөгү “5 (беш) жылга” деген сөздөр алынып, ордуна “мөөнөтсүз” деген сөз менен толукталсын.
3. Ушул токотомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңешинин төрагасы: | Д. Атамырзаев |