Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кѳл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын
кезектеги IV сессиясынын
2025-жылдын 28-февралы №16/4-9
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө, 48-берененин 12-бөлүмүнө ылайык Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын, стратегиялык пландын 2024-жылда аткарылышы жана 2024-жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө шаардын мэри Н.О.Орозбаевдин отчетун, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын стратегиялык пландын 2024-жылда аткарылышы жана 2024-жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө шаардын мэри Н.О.Орозбаевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кара-Көл шаарынын мэри (Н.О.Орозбаев) шаардын аймагындагы жерлерди иретке келтирүү, жол жээгине чыгып кеткен курулмаларды, тосмолорду алдыруу боюнча тиешелүү иш алып барсын.
3. Кара-Көл шаарынын мэри (Н.О.Орозбаев) Кара-Көл шаарындагы социалдык обьектилерди артка кайтарып алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев), ШММБна (Г.С.Асилов), ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А.Кимсанов |