Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кѳл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын
кезектеги IV сессиясынын
2025-жылдын 28-февралы №17/4-9
Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2024-жылда аткарган иштери, муниципалдык менчиктин сакталышы, пайдаланышы тендерлердин өткөрүлүшү жана аткарылган иштердин сапаты боюнча отчёту жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-бөлүкчөсүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2024-жылда аткарган иштери, муниципалдык менчиктин сакталышы, пайдаланышы, тендерлердин өткөрүлүшү жана аткарылган иштердин сапаты боюнча ММБнын башчысынын орун басары Г.С.Асиловдун отчётун, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин жана бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2024-жылда аткарган иштери, муниципалдык менчиктин сакталышы, пайдаланышы, тендерлердин өткөрүлүшү жана аткарылган иштердин сапаты боюнча муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Г.С.Асиловдун отчёту канааттандырарлык деп табылсын.
2. Шаардык бюджет бекитилгенден кийин эле тендерлерди жарыялоону баштап, тендердин жыйынтыгы менен түзүлгөн келишимдерде ишти аткаруунун мөөнөтүн белгилеп, түзүлгөн келишим боюнча жасалып жаткан иштердин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аткарылуусун иш аткаруучудан талап кылуу муниципалдык менчик башкармалыгына (Г.С.Асилов) жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу муниципалдык менчик башкармалыгына (Г.С.Асилов), көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А.Кимсанов |