Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кѳл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын
кезектеги IV сессиясынын
2025-жылдын 28-февралы №18/4-9
Кара-Көл шаардык бюджеттин 2024-жылдын жыйынтыгы менен такталган планын жана аткарылышын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 12-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Кара-Көл шаардык бюджеттин 2024-жылдын жыйынтыгы менен такталган планын жана аткарылышын бекитүү жөнүндө шаардын мэри Н.О.Орозбаевдин отчётун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын кошумча маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык бюджеттин 2024-жылдын жыйынтыгы менен такталган планын жана аткарылышын бекитүү жөнүндө шаардын мэри Н.О.Орозбаевдин отчёту, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын маалыматтары эске алынсын.
2. Шаардык бюджеттин 2024-жылга бекитилген планы 180 040,1 миң сом, атайын каражатсыз 169 022,1 миң сом суммасында, такталган план 415 112,5 миң сом, атайын каражатсыз 396 518,0 миң сом суммасында бекитилсин.
3. 2024-жылга Кара-Көл шаардык бюджетинин аткарылышынын:
· киреше бөлүгү 223 833,2 миң сом;
· чыгаша бөлүгү 360 025,1 миң сом, анын ичинде бюджеттик мекемелердин
атайын каражаттары:
· киреше бөлүгү 14 772,8 миң сом;
· чыгаша бөлүгү 16 713,5 миң сом суммасында бекитилсин.
4. Шаардык мэриянын резервдик фонддун аткарылышы жалпы 1 976,7 миң сом суммасында бекитилсин.
5. 2025-жылдын 1-январына бош калган калдык каражат 65 033,4 каражат миң сом, анын ичинде бюджеттик каражат 59 236,2 миң сом, атайын каражат 5 797, 2миң сом суммасында бекитилсин.
6. Бул токтомго көзөмөл кылуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Т.А.Мамытканова) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А.Кимсанов |