Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кѳл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын
кезектеги IV сессиясынын
2025-жылдын 28-февралы №19/4-9
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө отчёту
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Т.С.Абдыраимовдун жайыт комитетинин 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө отчётун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин, бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.А.Мамытканованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Т.С.Абдыраимовдун жайыт комитетинин 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө отчёту, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин, бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.А.Мамытканованын билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.С.Абдыраимовдун жайыт комитетинин 2024-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (Т.С.Абдыраимов) Жайыт мыйзамынын талаптарын так аткаруу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (Т.С.Абдыраимов), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А.Кимсанов |