Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кѳл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын
кезектеги IV сессиясынын
2025-жылдын 28-февралы №20/4-9
Кара-Көл шаарынын Серый көчөсүндө жайгашкан аянты 13799,34 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алуу жөнүндө
Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Э.С.Тажимырзаевдин, ММБнын башчысы М.С.Курамаевдин Кара-Көл шаарынын Серый көчөсүндө жайгашкан аянты 13799,34 чарчы метр жер тилкесин Кара-Көл муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алуу үчүн токтом чыгарып берүү боюнча кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-6-беренелерин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын Серый көчөсүндө жайгашкан аянты 13799,34 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясы (Н.О.Орозбаев), муниципалдык менчик башкармалыгы (Г.С.Асилов) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А.Кимсанов |