Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кѳл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын
кезектеги IV сессиясынын
2025-жылдын 28-февралы №22/4-9
Кара-Көл шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Б.Н.Койчиевдин Кара-Көл шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө кайрылуусун жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 24-главасын жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын аймагындагы капиталдык жана/же убактылуу курулуштун ээлеринин ар бир жумушчусу үчүн төлөнүүчү жыйымдын ставкасы бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кара-Көл шаарынын аймагындагы капиталдык жана убактылуу курулуштун ээлери таштандыларды ташып чыгаруу үчүн эсептелген жыйымды учурдагы жылдын 1-апрелинен кеч эмес мөөнөттө эсептерин тапшыруу менен төлөшөт.
3. Бул токтом Кара-Көл шаарынын аймагындагы жашоочуларга жайылтылбайт.
4. Кара-Көл шаардык кеңешинин “Кара-Көл шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө” 2020-жылдын 21-апрелиндеги № 206/40-7 жана “Кара-Көл шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” № 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 81/15-8 сандуу токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына (У.А.Жумашев), ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Т.А.Мамытканова) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А.Кимсанов |