Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезесиз VII сессиясынын
2025-жылдын 17-марты №2
Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында Жалал-Абад шаарындагы тротуарларды жана велосипед жолдорун куруу максатында бөлүнгөн акча каражатына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 3-мартындагы №53-сандуу тескемесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 17.03.2025-жылдагы чыг.№01-18/1499 сандуу катты шаардык кеңештин сессиясында талкуулап, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз VII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Жалал-Абад шаарындагы тротуарларды жана велосипед жолдорун куруу максатында бөлүнгөн 155 000 000 (бир жүз элүү беш миллион) сом акча каражатын пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Жалал-Абад шаарындагы
тротуарларды жана велосипед жолдорун курууга бөлүнгөн акча каражатын Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жол башкармалыгы аркылуу каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында
жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Т.Турдубеков |