Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезесиз VII сессиясынын
2025-жылдын 17-марты №3
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын
3-мартындагы №135-т сандуу тескемесине ылайык, Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн максаттуу трансфертти чыгымдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 03.03.2025-жылдагы №135-т сандуу тескемесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 17.03.2025-жылдагы чыг.№01-18/1498 сандуу катты шаардык кеңештин сессиясында талкуулап, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз VII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Жеңи-Жок көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын 2025-жылга карата республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетине бөлүнгөн 100 000 000 (бир жүз миллион) сом өлчөмүндө максаттуу трансферт катары бөлүнгөн акча каражатты Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жол башкармалыгы аркылуу каржылоого макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетине келип түшкөн максаттуу трансфертти Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга бекитилген бюджетине киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү тактоо Жалал-Абад шаарынын финансы башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын Жеңи-Жок көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүүдө мыйзам талаптарын сактоо жана акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик
реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет,
экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында
жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Т.Турдубеков |