Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезесиз VII сессиясынын
2025-жылдын 17-марты №4
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 13.02.2025-жылдагы кезектеги V сессиясынын №10-токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 17.03.2025-жылдагы чыг.№01-18/1503 сандуу катты шаардык кеңештин сессиясында талкуулап, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз VII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын аймагында курулуп жаткан муниципалдык базардын жалпы 22,5 га жер аянты жана курулуп жаткан имараттары менен күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын аймагында курулуп жаткан муниципалдык базар жана курулуп жаткан имараттары менен мамлекеттик жеке өнөктөштүк механизми аркылуу ишке ашыруу үчүн макулдук берилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Т.Турдубеков |