Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 96
Төрт-Көл айыл аймагынын “Жылалды” муниципалдык ишканасынын ичүүчү таза сууга жана калкттуу конуштардагы каттуу таштандыларды таштып чыгарууга тарифтерин жана кызматкерлеринин айлык акысын бекитип берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын “Жылалды” муниципалдык ишканасынын ичүүчү таза суу, калкттуу конуштардагы каттуу таштандыларды таштып чыгаруунун тарифтерин жана кызматкерлеринин айлык акысын бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жылалды” муниципалдык ишканасынын айыл аймагындагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого жана калкттуу конуштардагы каттуу таштандыларды таштып чыгарууга болгон чыгымдарынын тарифтери жана кызматкерлеринин айлык акысы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- ичүүчү таза сууга бир айга, кожолукка 150 (бир жүз элүү) сом;
- калкттуу конуштардагы каттуу таштандыларды таштып чыгарууга бир айга, кожолукка 100 (бир жүз) сом;
- жетекчисине бир айга 35 000 (отуз беш миң) сом;
- эсепчиге бир айга 25 000 (жыйырма беш миң) сом;
- таштанды жүктөөчүгө 15 000 (он беш миң) сом;
- каражат чогултуучуга 15 000 (он беш миң) сом;
- кароолчуга 10 000 (он миң) сом;
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |