ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 97
Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Прогресс айылында жайгашкан “Улуу Жибек-Жолу” дүң базарынын курулушунун Дирекциясы мамлекеттик мекемесинин карамагындагы жалпы аянты 14,0 га болгон жерди мамлекеттик менчиктин эсебинен айыл өкмөтүнүн эсебине муниципалдык менчик катары өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Прогресс айылында жайгашкан “Улуу Жибек-Жолу” дүң базарынын курулушунун Дирекциясы мамлекеттик мекемесинин карамагындагы жалпы аянты 14,0 га болгон жерди жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, бюджетти көтөрүү максатында мамлекеттик менчиктин эсебинен айыл өкмөтүнүн эсебине муниципалдык менчик катары өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Прогресс айылында жайгашкан “Улуу Жибек-Жолу” дүң базарынын курулушунун Дирекциясы мамлекеттик мекемесинин карамагындагы жалпы аянты 14,0 га болгон жерди жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, бюджетти көтөрүү максатында мамлекеттик менчиктин эсебинен айыл өкмөтүнүн эсебине муниципалдык менчик катары өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап, аткарууга алуу жагы Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Суралсын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Өзгөн районундагы филиалынан жана Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер тилкесине мыйзам ченеминдеги тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |