Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 101
Айыл элин жумуш менен камсыз кылуу максатында кийим тигүүчү кичи ишкана ачууга макулдук берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII шайланган) чакырылышындагы кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги айыл элин жумуш менен камсыз кылуу максатында Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шоро-Башат айылындагы мурунку Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаттары олтуруп иштөөчү жалпы аянты 25 кв.м. болгон кабинетке кийим тигүүчү кичи ишкана ачууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл элин жумуш менен камсыз кылуу максатында Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шоро-Башат айылындагы мурунку Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаттары олтуруп иштөөчү жалпы аянты 25 кв.м. болгон кабинетке кийим тигүүчү кичи ишкана ачууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |