Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 102
Евразия курулуш банкынын курулуш мезгилинде аянты 3,0 га жер участогун жалпы билим берүү уюмунун курулушуна, ошондой эле кошумча аянты аянты 0,20 га жер участогун саркынды сууларды тазалоочу курулмага, 0,80 га жер участогун курулуш шаарчасын жайгаштыруу үчүн, кийин узартуу укугу менен 6 жылдык мөөнөткө акысыз мөөнөтүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июлундагы № 397-т текемесине ылайык, Евразия өнүктүрүү банкынын курулуш мезгилинде аянты 3,0 га жер участогун жалпы билим берүү уюмунун курулушуна, Прогресс айылында идентификациялык коду 5-06-06-1005-1405, аянты 3,0 га жер участогун жалпы билим берүү уюмунун курулушуна, идентификациялык коду 5-06-06-1005-1557, аянты 0,20 га жер участогун саркынды сууларды тазалоочу курулмага, идентификациялык коду 5-06-06-1005-1558, аянты 0,80 га жер участогун курулуш шаарчасын жайгаштыруу үчүн, кийин узартуу укугу менен 6 жылдык мөөнөткө акысыз мөөнөтүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Евразия өнүктүрүү банкынын курулуш мезгилинде Прогресс айылында идентификациялык коду 5-06-06-1005-1405, аянты 3,0 га жер участогун жалпы билим берүү уюмунун курулушуна, идентификациялык коду 5-06-06-1005-1557, аянты 0,20 га жер участогун саркынды сууларды тазалоочу курулмага, идентификациялык коду 5-06-06-1005-1558, аянты 0,80 га жер участогун курулуш шаарчасын жайгаштыруу үчүн, кийин узартуу укугу менен 6 жылдык мөөнөткө акысыз мөөнөтүү (убактылуу) пайдаланууга тийешелүү келишмдери түзүлүп өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |